Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 10:00го карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти.
"Баткендеги медициналык мекемелерге дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү",- деп жазылган маалыматта.
Куралдуу кагылышта жаракат алгандар азырынча 129 адам деп берилүүдө, анын ичинен жети адам үйдөн дарыланууга жиберилген.
Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.
Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек.
Маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн эмес. (ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого чакырдыПрезиденттин басма сөз кызматы Жапаров кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирдиТИМ: Кыргызстан эгемен аймагына жасалган негизсиз баскынчылыктан коргондуЧек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн билдирдиАКШ Мамдепартаменти чек араны дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталып турганы маалымдалды