Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталып турганы маалымдалды


Кыргыз-тажик чек арасы. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 19:00дө Чоң-Алайдын Карамык аймагында кыргыз чек арачыларын аткылоо токтотулду. Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча жыйынтыгы маалымдалган жок.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00гө карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Чек арадагы кагылышууларда каза болгондор же жараат алгандар тууралуу маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG