Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

ТИМ: Кыргызстан эгемен аймагына жасалган негизсиз баскынчылыктан коргонду


Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда талкаланган үй. Баткен, Кыргызстан. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда талкаланган үй. Баткен, Кыргызстан. 16-сентябрь, 2022-жыл.

17-сентябрда Тышкы иштер министринин 1-орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык уюмдардын, элчилик жана консулдуктардын жетекчилерине кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнүндө брифинг өткөрдү.

Анда Ниязалиев куралдуу кагылышта курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондордун абалы тууралуу айтты.

Ал көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилер, анын ичинде мектептер жана турак жайлар кыйрап, кыргыз жарандарынын мүлкүн жана башка буюмдарын талап-тоноо фактылары болгону тууралуу маалымат берди.

Министрдин биринчи орун басары чек арада "Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн жана туруктуу эмес аскерлешкен топторунан Кыргызстандын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо максатында Кыргызстандын күч кызматтары өлкөнүн эгемендүү аймагын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөнүн" билдирди.

Мындан тышкары чыңалууну ар кандай деңгээлдеги саясий-дипломатиялык жол менен басаңдатуу боюнча аракеттер көрүлгөнүн белгиледи. Буга байланыштуу тажик тарап жетишилген макулдашууларды, анын ичинде ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча иш- аракеттерди жүзөгө ашыра албай жатканын кошумчалады.

ТИМдин билдирүүсүндө, брифингге келгендер курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, чек арага аскер-саясий жана гуманитардык кырдаалга кабатырлыгын билдиришти. Кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдошту. Мындан тышкары Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажик бийлиги кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG