Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн билдирди


Баткен шаарындагы күйгөн үй. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен шаарындагы күйгөн үй. 17-сентябрь, 2022-жыл.

17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде түн тынч өттү.

Баткенде да, Чоң-Алайда да ок атуулар катталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" бүгүн, 18-сентябрда билдирди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы да түн тынч өткөнүн кабарлады. Мекеменин 18-сентябрь, 08.30га карата берилген маалыматына караганда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында чыңалган абал сакталып турат.

17-сентябрда кечки саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча жолугушуунун жыйынтыгы маалымдалган жок.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажик бийлиги кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG