Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

АКШ Мамдепартаменти чек араны дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды


АКШ Мамдепартаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс.
АКШ Мамдепартаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс.

АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“Биз тажик-кыргыз чек арасындагы кагылышуулар тууралуу маалыматтардан тынчсызданып жатабыз. Жарандардын өмүрү коркунучта, жабыркагандарга тилектешпиз. Биз эки тарапты ок атышууну токтотуу режимин сактоого жана дипломатиялык жол менен тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн эки эселенген күч-аракетти жумшоого чакырабыз”.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирип, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Бул тууралуу Гутерриштин маалымат катчысы Стефан Дюжаррик билдиргени уюмдун сайтында жазылган.

Кийин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшкөн БУУ баш катчысы 20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, абалды талкуулоого даяр экенин билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажик бийлиги кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG