Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон парламенттик шайлоодо ал жетектеген Швециянын Социал-демократиялык партиясы утулгандан кийин кызматтан кеткенин жарыялады.
Эми министрлер кабинетин оңчул партиялардын коалициясы түзөт.
Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Магдалена Андерссон жетектеген партия шайлоочулардын 30% добушун топтоп, парламентте 173 мандат алды. Ал эми улутчул деп саналган “Швециянын демократтары” партиясынан түзүлгөн оңчулдардын коалициясы 176 орунга ээ болду.
Эми премьер-министрдин ыйгарым укуктары Швециянын парламентинин спикерине убактылуу өтөт.
Швецияда шайлоо 11-сентябрда өттү, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 18-сентябрда жарыяланат. Социал-демократтар партиясы 1917-жылдан бери шайлоодо биринчи орунду алып келген.
Ал эми “Швециянын демократтары” улутчул партия деп эсептелет жана Швецияда акыркы жылдары популярдуу болууда.
Дагы караңыз
УКМК Ташиевдин машинасы катышкан кырсык жөнүндө түшүндүрмө бердиСамаркандда Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолуктуАкылбек Жапаров: билим берүүгө 64 миллиард сомго чейин бөлүнөт Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Рахмонали Төрт-Көчөдө жолукту CNN: Байден Линн Трейсини Орусияга элчи кызматына сунуштайтЕреванда демонстранттар Пашиняндын отставкасын талап кылыштыКиевде Зеленскийдин кортежи жол кырсыгына кабылдыАзербайжан – Армения чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты