Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Рахмонали Төрт-Көчөдө жолукту


Region телеканалынын видеосунан алынган сүрөт.
Region телеканалынын видеосунан алынган сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында жолукту. Жолугушуунун видеосун Region телеканалы жарыялады.

Азырынча атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат бере элек. Аталган телеканал Ташиев Лейлек районунун ооруканасында чек арага чатагынан жараат алган тургундар менен жолукканын кабарлады. Анда Ташиев бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү керек экенин айтып жатат.

Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Ал жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айтты. Ташиев тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Ташиев өмүрүнүн коопсуздугунан чочулап, үйлөрүнөн качып чыккан тургундардын маселесин чечүүнү да караштырып жатышканын билдирген.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу. (TSh)

XS
SM
MD
LG