Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

УКМК Ташиевдин машинасы катышкан кырсык жөнүндө түшүндүрмө берди


Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы бул мекеменин башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтык машинасы катышкан жол кырсыгы жөнүндө комментарий берди.

Анда 15-сентябрда эртең менен "Манас" аэропортунан Бишкекке келе жаткан жолдо Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү машина скутер тээп келе жаткан тургунду жөөлөп кеткени, жол кырсыгынын катышуучулары маселени жайынча чечип алганы жазылган.

“Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутер тепкен жарандын абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаты бар. Ошол эле учурда ал өзү социалдык тармакта аны жөөлөп кеткен машинанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирди”, - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда Ташиевдин кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып, скутерде бараткан кишини сүзгөнү жөнүндо фото, видеолор тараган. (TSh)

XS
SM
MD
LG