Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

CNN: Байден Линн Трейсини Орусияга элчи кызматына сунуштайт


Линн Трейси.
Линн Трейси.

CNN телеканалы жеке булагына таянып Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Линн Трейсини АКШнын Орусиядагы элчиси кызматына көрсөтөрүн билдирди. “Америка авазы” радиосу Ак үй бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек экенин жазды.

АКШнын Орусиядагы элчисинин орду 4-сентябрдан бери бош турат. Ага чейин бул кызматта Жон Салливан иштеген.

Ал эми жаңы талапкер катары аты аталып жаткан Линн Трейси ушул тапта Кошмо Штаттардын Армениядагы элчиси. Ал 2014-2017-жылдары Москвадагы элчинин орун басары болуп иштеген.

Линн Трейси 2019-жылы АКШнын Еревандагы элчиси кызматына дайындалганга чейин Мамлекеттик департаменттин Европа жана Евразия иштери боюнча бюросунда Орусия боюнча улук кеңешчи болгон. Ал орус тилин билет.

Линн Трейси Орусияга элчи болуп бекитилсе, ал Москвадагы америкалык дипломатиялык миссияны жетектеген биринчи аял болот.

XS
SM
MD
LG