Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

Акылбек Жапаров: билим берүүгө 64 миллиард сомго чейин бөлүнөт


Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо конушундагы мектеп.
Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо конушундагы мектеп.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Мурас-Ордо конушундагы мектептин ачылышында сүйлөп жатып, 2022-жылы билим берүү тармагына 47 миллиард сом бөлүнгөнүн, кийинки жылы 64 миллиард сомго чейин көбөйтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда өкмөт башчы “мектептерди өнүктүрүүгө беш миллиард сом бөлүүнү пландап жатабыз. Министрлер кабинети мектеп окуучуларын ноутбук, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин тажрыйбасын өздөштүрүүгө байланыштуу иштерди жүргүзүүдө”, - деп айткан.

Кыргызстанда ушул тушта 2300дөн ашык мектеп бар жана окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго чамалайт. Өлкөдө мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары. (TSh)

XS
SM
MD
LG