Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 8-сентябрь, 2022-жыл.

Бейшемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевде жолугушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Энтони Блинкен Украинага 675 миллион долларлык аскердик жардам берилерин билдирди. Буга чейин АКШ украин армиясын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн снаряддарды, автоунааларды жана башка аскердик техника жөнөтөрү кабарланган.

Энтони Блинкен Украинага жана Орусия коркунуч жараткан Европанын 18 мамлекетине 2,2 миллиард доллар аскердик жардам берүү боюнча Конгресске сунуш киргизилерин, бул ишке ашса Жо Байдендин администрациясынын тушунда АКШнын Украинага жалпы аскердик жардамы болжол менен 15,2 миллиард долларга жетерин айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Украинага күтүүсүз барды. Буга чейин анын Киевге сапары тууралуу эки тарап тең маалымат берген эмес.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.

Дагы караңыз

Касмамбетов: зомбулуктун жазасын катаалдаштыруу керек Акыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди Украина Харьковдо 20дан ашык калктуу конуш бошотулганын билдирдиАбылгазиев өзүнө козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирдиБритан ханышасы Елизавета II дарыгерлердин көзөмөлүнө алындыПутин келерки аптада Өзбекстанда Си Цзинпин менен жолугушатБУУнун Өнүктүрүү программасы: дүйнөдө жакырчылык күчөдү