Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

Британ ханышасы Елизавета II дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды


Британ ханышасы Елизавета II. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Британ ханышасы Елизавета II. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасы Елизавета II дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

“Эртең менен ханышанын ден соолугу текшерилгенден кийин дарыгерлер тынчсыздануусун билдирип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууну сунуштады”, - деп айтылат маалыматта.

Британ ханышасы Елизавета II 6-сентябрда Лиз Трассты Улуу Британиянын премьер-министри кылып дайындаган. Жолугушуу Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында өткөн.

Адатта премьер-министрлер Букингем же Виндзор сарайында дайындалат. Бирок бул жолу дарыгерлер 96 жаштагы британ ханышасына Шотландиядан кетпөөнү сунушташкан.

Быйыл ханыша Елизавета II тактыга отурганынын жетимиш жылдыгын белгиледи. Акыркы айларда ал өз милдеттерин мураскер ханзаада Чарльзга жана падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө өткөрүп берди.

XS
SM
MD
LG