Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

Украина Харьковдо 20дан ашык калктуу конуш бошотулганын билдирди


Украинанын Куралдуу күчтөрү бошоткон айылга туу илип жаткан учуру. 4-сентябрь, 2022-жыл.
Украинанын Куралдуу күчтөрү бошоткон айылга туу илип жаткан учуру. 4-сентябрь, 2022-жыл.

Украинанын армиясы Харьков жана Южный Буг багытында 700 чарчы чакырымдан ашык аймакты Орусиянын аскерлеринен бошотту. Бул тууралуу Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысынын орун басары генерал Алексей Громов билдиргенин “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

“Биздин аскерлер ар кайсы аймактарда душмандын коргонуусун жалпысынан экиден ондогон чакырымга чейин жарып киришти. Харьков жана Южный Буг багытында 700 чарчы километр аймак Украинанын көзөмөлүнө өттү”, - деди Громов.

Анын айтымында, Харьков багытында басып алынган аймактарды кайтарып алуу үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрү, Улуттук гвардиянын бөлүктөрү жана башка күч түзүмдөрү салгылашып жатат. Алексей Громов Харьков багытындагы украин жоокерлери 20дан ашык калктуу конушту Орусиянын армиясынан бошотконун кошумчалады.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Краматорск багытында орус аскерлеринин коргонуусун эки чакырымга чейин сүрүп барды. Ал эми Славянск багытындагы Озерное конушун бошоткон.

Орусия Украинанын акыркы маалыматтары боюнча комментарий бере элек.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына бир аптадан ашты. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда. Иш жүзүндө бул аймактардын көпчүлүк бөлүгүн Орусиянын армиясы ээлеп турат.

XS
SM
MD
LG