Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Акыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мектепте окуган кызын белгисиз бирөө аңдыганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бейтааныш киши кызынын артынан жүрүп, анын үйүнүн кире беришине (подъезд) чейин барган. Акыйкатчы буга байланыштуу милицияга арыз менен кайрылган.

"Бейтааныш киши анын артынан подъездге чейин барыптыр. Өзүм Варшавада жүрүп, Кыргызстандагы тааныштар аркылуу милицияга кайрылдым. Кызым "апа, мен юбкачан болчумун, юбкачан жүрүү жаман болуп калды беле?" деп айтты", - деди ал.


Бишкектин Октябрь райондук милициясы факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын кабарлады.

"Учурда милиция кызматкерлери окуучуну аңдыган белгисиз кишинин тек-жайын аныктоо үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG