Путин келерки аптада Өзбекстанда Си Цзинпин менен жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин. Бээжин. 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин келерки аптада Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынында жолугушат.

Эки өлкөнүн лидерлери акыркы жолу февралда, Орусия Украинага каршы согуш ачканга чейин жолугушкан.

Расмий Бээжин Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен НАТОну Орусияны чагым кылды деп айыптап, Москвага каршы киргизилген санкцияларды сынга алган.

Август айында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайван аралына жасаган сапарынан кийин Бээжин менен Вашингтондун мамилеси курчуганда Кремл Кытайды колдогон.

Ушул айда Кытайдын аскерлери Орусияда өткөн “Восток-2022” аскердик машыгуусуна катышты.

Дагы караңыз

БУУнун Өнүктүрүү программасы: дүйнөдө жакырчылык күчөдүПрезидент Жапаров агасынын талкуу жараткан сүрөтү тууралуу түшүндүрмө бердиБеларус Польша менен чек арасында аскердик машыгууларды баштадыАкыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди Бекназаров кызматынан Кумтөр боюнча маегине байланыштуу алынганын айттыДепутат Култаева: Зөөкүрлөрдүн 90% ээн-эркин басып жүрөтАКШ Украинага дагы 675 млн. доллар аскердик жардам берет“Энергоатом”: Орусия Запорожье АЭСинин жумушчуларын өлтүргөн