Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

АКШ Украинага дагы 675 млн. доллар аскердик жардам берет


АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имараты.
АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имараты.

The Washington Post басылмасы Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага 675 миллион долларга жакын суммада кошумча аскердик жардам берүүнү чечкенин жазды.

Гезиттин маалыматына караганда, АКШ HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн снаряддарды, автоунааларды жана башка аскердик техникаларды жөнөтөт. Бул маалыматты Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак да ырастады.

Буга чейин Жо Байден АКШ Конгрессине Украинага 11,7 миллиард долларга чукул жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.

XS
SM
MD
LG