Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

Депутат Култаева: Зөөкүрлөрдүн 90% ээн-эркин басып жүрөт


Гүлшаркан Култаева.
Гүлшаркан Култаева.

Зордук-зомбулук фактысы катталган учурда тараптардын териштирүүдөн баш тартып, элдешип алуусуна шарт түзгөн мыйзам нормаларын жоюу керек деген оюн бүгүн 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева билдирди. Ал Башкы прокуратуранын расмий маалыматына таянып, 2021-жылы Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулук боюнча 4397 кылмыш иши козголгонун, анын 527си гана сотко өткөнүн, 273ү териштирүүдө болгонун айтты:

“Бул зомбулуктун 10 проценти гана жазаланып, калган 90 процент зөөкүрлөр ээн-эркин басып жүрөт дегенди туюндурат. Ошондуктан мындай фактыларды кылмыштын оор түрү катары каттап, укук тартибин коргоо органдары ыкчам чечим кабыл алуусу зарыл деп эсептейм”.

Депутат мындай учурда соттук экспертизанын мөөнөтүн 30 күн эмес, үч күн деп кыскартып, тийиштүү органдардын ишин ылдамдатуу зарыл экенин айтып, эки тарап ортосундагы “жарашып алуу” деген себептен улам иштер сотко өтпөй калып жатканын көйгөй катары белгиледи.

Бир нече күндөн бери Кадамжайда окуучу кыз өлтүрүлгөн окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат. Зордукка кабылган балдар жана аялдар маселеси парламентте буга чейин да көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG