Садыр Жапаров: берилген тапшырмалар Чүйдө начар аткарылды

Нурил Алымбаев.

Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы өкмөттүн жыйынында берилген тапшырмалар Чүйдө эң начар аткарылганын билдирди. Буга байланыштуу аталган облустагы президенттин өкүлү Нурил Алымбаевге кайрылып, ишти күчөтүүнү тапшырды.

"Жалпы берилген тапшырмалардын саны 5700дөн ашкан, анын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай калганы 5,2% болду. Бул боюнча эң начар көрсөткүч Чүй облусунда. Чүй облусундагы өкүлүбүз, туруңузчу. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз башкаларга караганда өтө көп. Сиз бул боюнча ишти алдыга жылдырышыңыз керек. Чүйдө башка облустарга караганда бардык шарттар бар да, эң алдыңкы орунда турушу керек".

Нурил Алымбаев президенттин бул сынына жооп берген жок. Ал кызматка ушул жылдын апрель айында дайындалган жана ага чейин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болгон.

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө жарлыктарга президент кол коет.

Дагы караңыз

Өкмөттүн жыйыны: Алимбаев чайыр бизнеси тууралуу маселе көтөрдү Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилетӨкмөт башчы: Сырттан алынган акчаны пайдалануу саясаты өзгөрөтСадыр Жапаров: ККМ аткезчиликти, "кара ниет" ишкерлерди тыюуга керек