Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилет


Киров суу сактагычы.
Киров суу сактагычы.

Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев 14-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал Талас облусунда жайгашкан Бала-Саруу ГЭСи эмдиги жылы жазында толук пайдаланууга берилерин айтты.

"22-декабрга энергетиктер күнүнө карата биринчи агрегатын ишке киргизебиз. Эмдиги жылы 1-апрелге чейин калган эки агрегатын бүтүрүп, Бала-Саруу ГЭСин толугу менен ишке киргизебиз", - деди министр.

Былтыр жыл аягында өкмөт "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Таластагы Киров суу сактагычына Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 миллион доллар аларын билдирген.

"Бала-Саруу ГЭСинин курулуш долбоору - жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн. кВт. саат өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат", - деп маалымдалган.

Анын алдында, августта президент Садыр Жапаров Киров суу сактагычында жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

XS
SM
MD
LG