Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Өкмөттүн жыйыны: Алимбаев чайыр бизнеси тууралуу маселе көтөрдү


Ферула же сасык чайыр.
Ферула же сасык чайыр.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев өкмөттүн жыйынында аталган аймактагы бир катар маселелерди көтөрдү. Анда негизинен кен тармагына берилген лицензияларды ирээтке келтирүү, чыйыр бизнесин көзөмөлдөө жана акимдер менен мэрлердин ыйгарым укуктарын тактоого токтолду.

"Биздин облуста кен байлыктарды иштетүүгө 300дөн ашуун лицензия берилиптир. Бул көп жылдан бери берилип келген лицензия. Бүгүнкү күндө кошумча маселелерди жаратып жатат. Ошондуктан урматтуу президент, сизден суранып кетет элем, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, бардык лицензияларга инвентаризация жүргүзүп, ирээтке, тартипке келтирип койсок. Азыр биздин облуста чайыр (ферула) жыйноого байланыштуу маселе чыкты. Бул өсүмдүк биздин облуста көп жылдан бери өсүп келген. Быйыл жергиликтүү эл эге баштады. Атайын адистер келип топтоп алып кетип жүргөн, быйыл эл буга каршы чыкты. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде мунун жол-жобосун иштеп чыгышыбыз керек. Же болбосо жапайы өсүмдүктөргө тийбей туруп, өзүбүз эгип аны жыйнап алсак болот. Ушул жапайы чайырга эле кээ бир мамлекеттик органдардан 19 уруксат кагазы берилип калыптыр. Бул биздин облуста маселе болуп турат. Үчүнчү чоң маселе бул - аким жана мэрлердин ыйгарым укуктарына байланыштуу. Министрликтердин алдындагы департаменттер, агенттиктер аким жана мэрлердин макулдугу жок эле аймактардагы жетекчилерди дайындап жатат. Бул норма тиешелүү мыйзамда каралбай калыптыр. Эгерди биз мыйзамга алымча-кошумча киргизсек, акимдер менен мэрлерге толук жоопркечиликти берип, алардан дагы талап кыла алат элек", -деди Алимбаев.

Буга чейин Баткенде жергиликтүү эл чайыр алуу үчүн жайыт мыйзамсыз бөлүнүп кеткенин, ага облустагы таасирдүү адамдар аралашканын айтып чыгышкан.

Ферула же кыргызча аталышы сасык чайыр (кокон чайыр деген да аталышка ээ-ред.) - көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда 35тен ашуун түрү өсөт. Индия жана Пакистан сыяктуу Азия өлкөлөрүндө тамак-ашка кошулат, ошондой эле дарылык максатта колдонулат.

Мындан улам анын 1 килограмм чайыры 30дан 100 долларга чейин бааланып, четке сатылат.

XS
SM
MD
LG