Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Садыр Жапаров: ККМ аткезчиликти, "кара ниет" ишкерлерди тыюуга керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ал өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо аны жеңилдетүү жактарын караштырууну тапшырды. Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы ККМди киргизүүгө кол кабыш кылышы керектигин эскертти.

"Силер дагы баарын тактап, Салык кызматына кайрылып жагдайды түшүнүп алып аны элге жеткирип турушуңуздар керек. Дүйнө эбак өткөн электрондоштуруу системасына Кыргызстан дагы өтүшү зарыл. ККМ аппараттарын киргизүү бул бир гана салык үчүн керек эмес. Бул товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл. Сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн "кара ниет" ишкерлерди финансылык тартипке чакыруу. Ошондуктан бул аппараттарды бардык жерге киргизишибиз керек. Биз контрабанда, коррупция жана бюрократия менен дагы аёосуз күрөшөбүз", - деди президент.

Өткөн аптада Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) киргизүү шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун акыркы чогулушун өткөргөн. Өкмөт тараткан маалыматта анын жыйынтыгында бардык ишкерлерге ККМ жана эсеп-фактураларды колдонуу милдеттүү бойдон калганы айтылган. Ишкерлерди ККМ менен камыздоодо айына 300 сомдон бөлүп төлөө шарттары каралганы белгиленген.

Бишкекте жана бир катар аймактарда соодагерлер, ишкерлер ККМди киргизүүгө каршы бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

XS
SM
MD
LG