Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал 14-июлда өкмөттүн жыйынында мындан ары тышкы карыздын көлөмүнө көзөмөл күчөтүлүп, бул жааттагы жалпы саясат өзгөрө турганын айтты.
"2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 367 млн. долларга көбөйсө, 2021-жылы 75,6 млн. долларга гана көбөйгөн. 1992-жылдан бери Кыргызстанга 8,3 миллиард доллар насыя, 3,5 миллиард доллар грант алынган. Баары 11,9 млрд. долларды түзөт. Баарын убагында төлөп келе жатабыз. Акчалай түрдө 2,5 млрд. долларды төлөдүк, калгандарын реструктуризация, кечүү жана башка түрлөрүндө кутулдук. Тагдырдын тамашасын караңыздар, 90-жылдардан бери Кумтөр да ушунча каражатты өлкөдөн чыгарып кеткен. Демек, Кумтөр боюнча биздин иштер – чечимибиздин тууралыгын дагы бир жолу тастыктайт. Тышкы карыз боюнча саясатты өзгөртүп жатабыз. Мурда биз бюджетти колдоого келген тышкы каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу. Эми мындан ары мындай болбойт. Мурда энергетикага жана жолго алып келсек, мындан ары билим берүүгө, саламаттык сактоого, жаңы технологияларга салабыз", - деди өкмөт башчы.
Ушул айдын башында Акылбек Жапаров “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгон. Анда Кыргызстандын бир кредитордон алган карызы өлкөнүн тышкы карызынын 45% ашпашы керектиги аныкталган. Ошондой эле карыздын жалпы көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн 70% көп болбошу зарылдыгы белгиленген.
Ай башында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына тышкы карыз тууралуу жазганы үчүн милиция бөлүмүнө сурак берип чыккан. Андан кийин Жээнбеков тышкы карыз тууралуу маалымат алган деген негизде "Азаттык", "Клооп" сыяктуу медиалардын жетекчилери да милицияда суралган.