Ленин райондук сотунун судьясы дипломду мыйзамсыз алган деп шек саналууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы (Т.М.) жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шек саналып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул факты 4-июлда аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

УКМК ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырганын кабарлады.

Судья өзү жана Жогорку сот азырынча комментарий бере элек.

Атайын кызмат ушул тапта мамлекеттик кызматкерлердин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын дипломдору менен жарандыгын текшерип жатат.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документине байланыштуу буга чейин да чыр-чатактар чыккан.

Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жуугандар, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Кол өнөрчүлөр Fair Trade принциптери жөнүндө маалымат алыштыКытай, Орусия элчиликтерине бомба коюлганын кабарлаган киши изделүүдө“Дордойдогу” өрттөн чыгым тарткандар жардам сурадыОшто кол өнөрчүлөр ассоциациясынын жылдык жыйыны өттүЖапония Орусиядан алтын импорттоого тыюу салдыТигүү ишканалары үчүн товардык-насыя саясаты боюнча окуу уюштурулду