Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Тигүү ишканалары үчүн товардык-насыя саясаты боюнча окуу уюштурулду


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Дүң соода жүргүзүүчү тигүү ишканалары үчүн товардык-насыя саясаты боюнча тренинг өттү. Бул тууралуу 20-июнда “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ишканалардын сатуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери, менежерлери да катышкан бул тренингде өндүрүлгөн продукцияны дүңүнөн сатуунун натыйжалуу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Кыргызстандын фэшн дизайнерлер ассоциациясынын эксперти Раиса Плаксина белгилегендей, бул ыкмалар компаниянын ийгилигин арттырууга, туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталат жана алар боюнча иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу зарыл. Тренингдин катышуучулары ишкананын азыркы абалын анализдеп, көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн жолдорун үйрөнүштү.

GTEX программасы быйыл бул багытта бир катар тренигдерди уюштуруп, кардарлар менен иштөө жагын да чогуу жүргүзүүнү үйрөттү.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG