Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Ошто кол өнөрчүлөр ассоциациясынын жылдык жыйыны өттү


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Ош шаарында кол өнөрчүлөрдүн "Дайры" деп аталган ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жылдык жыйыны өттү. Бул тууралуу 29-июнда “Азаттык” радиосуна Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жыйында стратегиялык пландоо жана өнүгүү маселелери талкууланып, өнүгүүнүн багытын аныктоо келечекте стратегиялык максаттарга дал келүүчү туура чечимдерди кабыл алууга, атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана тейлөөнүн сапатын жогорулатып, кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Соңку мезгилде дүйнөлүк рынокто болуп жаткан өзгөрүүлөр пландарды жана стратегияларды кайра карап чыгууну талап кылары айтылды.

Ассоциациянын мүчөлөрү жакынкы келечекте артыкчылыктуу багыттар Европа Биримдигине мүчө болгон Германия жана Италия өлкөлөрү болорун, онлайн аркылуу АКШ рыногуна чыгуу жагын караштыруу да зарыл экенин айтышты.

Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG