Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Кытай, Орусия элчиликтерине бомба коюлганын кабарлаган киши изделүүдө


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги.

Орусия жана Кытай мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчиликтерине бомба коюлганы жөнүндө маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлады.

Учурда элчиликтерде жардыруучу зат коюлганын маалымдаган киши изделип жатат.

5-июлда эртең менен саат 10:45 чамасында 102 кызматына Орусия жана Кытай элчиликтеринин имараттарында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция жеринде тийиштүү ыкчам-иш аракеттерин кылышты.

Кыргызстанда айрыкча Бишкек шаарында ар кандай соода борборлорунда бомба коюлганы жөнүндө маалымат маал-маалы менен катталат.

Милиция мындай "телефон террорчулар" кылмыш жоопкерчилигине тартыларын, сотто күнөөсү аныкталса, үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG