Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Кол өнөрчүлөр Fair Trade принциптери жөнүндө маалымат алышты


Жыйынтыд катышуучулары.
Жыйынтыд катышуучулары.

Кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Дайры” ассоциациясынын мүчөлөрү соода-сатыкты калыс жүргүзүү боюнча эл аралык Fair Trade белгисинин негизги принциптери, артыкчылыктары жана анын лицензиясын алуунун жол-жобосу тууралуу маалымат алышты. Алар үчүн атайын семинар уюштурулганын 30-июнда “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) кабарлашты.

“Сапат үчүн” коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлнара Жусупжанова кол өнөрчүлөрдү эл аралык соода-сатыктын экологиялык, социалдык жөнгө салуунун калыс стандарттарын карманып иштөөгө, өндүрүлгөн товар ошол стандарттардын негизинде иштеген европалык компаниялар арасында атаандаштыкка туруштук бере алчудай болушуна үйрөттү.

Уюштуруучулардын айтымында, Fair Trade стандарты кол өнөрчүлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө экологияга зыян келтирбестен, жыныстык, диний же этникалык өзгөчөлүктөр боюнча дискриминация кылбастан, эмгектин коопсуз жана ден соолукка коркунучу жок шарттарын камсыз кылуу аркылуу жетишүү максатын көздөйт.

Тийиштүү сертификат алган кол өнөрчүлөр чет өлкөлүк рынокко чыгууда артыкчылык алышат жана кардар табуу, сатуу көлөмүн көбөйтүү, сапатты жакшыртуу жагынан да мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. (RK)

XS
SM
MD
LG