Элчи Дүйшекеев Нур-Султанда жаңы имарат куруу маселесин көтөрдү

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеевдин Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугушуусу. 27-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата иш-чараларды талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптардын жолугушуусунда Кыргызстандын элчилигинин жаӊы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү.

Эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 15-октябрында түзүлгөн. Эгемендүүлүк жылдарында 120дан ашык кыргыз-казак мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулар түзүлгөн.

Тараптарда 1997-жылдын 8-апрелде “Түбөлүктүү достук жөнүндө” жана 2003-жылдын 25-декабрында “Союздук мамилелер жөнүндө” келишимге кол коюлган. (TSh)

Дагы караңыз

Балдар акыйкатчысы Евробиримдиктин делегаттары менен жолуктуКулубаев Тажикстанга да "Байрактар" сатылганы такталып жатканын билдирдиАкматбек Келдибеков дагы июнь коогасына байланыштуу сурак берди Оштун тургуну аялына зомбулук көрсөткөнү үчүн тогуз суткага камалды