Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

Акматбек Келдибеков дагы июнь коогасына байланыштуу сурак берди


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 27-апрелде Башкы прокуратурага июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, "биз келечекте мамлекетти экиге бөлгүсү келген, канча адамдардын канына забын болгон мындай окуялар кайталанбашы керек десек, анда бул кандуу калабага кечиктирбей мыйзам чегинде баа беришибиз зарыл!", деген билдирүү калтырды.

2010-жылдагы июнь калабасына байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде күбө катары суралган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгон.

Бүгүнкү күнгө карата ошол маалдарда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан жалпысынан 17 адам сурак берген.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

XS
SM
MD
LG