Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Оштун тургуну аялына зомбулук көрсөткөнү үчүн тогуз суткага камалды


Соттолгон кишинин милиция тараткан сүрөтү.
Соттолгон кишинин милиция тараткан сүрөтү.

Ош шаардык сотунун чечими менен 41 жаштагы киши Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) менен тогуз суткага камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Милициянын билдирүүсүндө, 41 жаштагы Төлөйкан айылынын тургуну аялына зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалган. Ал жаран буга чейин мас абалында аялына кол көтөрүп, эки жолу эскертүү алганы аныкталган.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында айтып, балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо - өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын билдирген.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда 100дөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG