Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:26

Кулубаев Тажикстанга да "Байрактар" сатылганы такталып жатканын билдирди


“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.
“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз тарап Түркиядан “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын коңшу мамлекеттерге сатпоону суранганын билдирди.

“Биз ал маалыматты алдык, азыр элчилик жана башка органдарга тапшырма берип, тактап жатабыз. Түрк тарапка дагы айтылган болчу, “муну этияттагыла анткени ортобузда көйгөйлөр чечиле элек” деп. “Байрактарды” бизден башка коңшуларга сатууда абайлап мамиле кылыңыздар дегенбиз. Азыр толук маалымат алгандан кийин дагы түрк тарап менен сүйлөшүү жүргүзөбүз”, - деди Кулубаев.

Депутат Мирлан Самыйкожо Тажикстан дагы “Байрактарды” сатып алганы жөнүндө маалыматты сураган. Ага Кулубаев жооп берип, азыркы тапта Түркия тараптан Тажикстан канча "Байрактарды" сатып алганы такталып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Ал 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жатат.

Өткөн жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган. Жакында эле Тажикстан Түркиядан "Байрактарды” сатып алаары тууралуу маалымат тарады.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. (TSh)

XS
SM
MD
LG