Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Балдар акыйкатчысы Евробиримдиктин делегаттары менен жолукту


Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Европа Биримдигинин делегаттары.
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Европа Биримдигинин делегаттары.

Кыргызстандын Балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн делегаттары менен жолугуп, балдардын укугун коргоо жаатында кызматташтык талкууланды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча жетекчиси Йотам Лерер “Адилеттүүлүк бардыгы үчүн” жана башка программалардын алкагында балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Өлкөдө акыркы жылдары жакын адамдары тарабынан сабалган балдардын окуясы көп катталууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG