Июнь коогалаңында жоголгон куралдар толук табыла элек

Кылмыштуу топтон алынган курал. Ош шаары. Ноябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

2010-жылкы июнь коогалаңында жалпысынан күч түзүмдөрүнө таандык 1190 курал-жарак жоголгон. Анын ичинен жарымынан азыраагы - 557 ок атуучу курал кайтарылган. 663 курал-жарак эмгиче изделүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдын өкүлү бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, июнь окуясындагы башаламандык учурунда ИИМге, УКМКга, Мамлекеттик чек ара кызматына, Башкы штабга таандык курал-жарактар жоголгон.

Июнь окуясында 400дөн ашуун адам киши колдуу болуп, миңдеген адамдар жарадар болуп, 5 миңден ашуун жеке турак жай жана коомдук имараттар талкаланганы расмий жарыяланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Бекешев: Жогорку Кеңеш «Референдум жөнүндө» мыйзамды кабыл ала албайтСаясатчылар тобу: Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпашы керекЖогорку Кеңештин алдында референдум өткөрүүгө каршы акция өтүп жататЖогорку Кеңеш референдумду дайындоо боюнча мыйзамды 1-окууда кабыл алдыКыргыз-өзбек чек аралаш аймак жетекчилеринин үчүнчү жыйыны жыйынтыкталдыОнкологиялык оорулардан жабыркагандар бюджеттин кыскарганына нааразыCOVID-19: Эки адам каза болду, 322 бейтап жаңы катталдыБритания менен Евробиримдик Түндүк Ирландиядагы чек ара маселесин макулдаштыБайден президенттигинин алгачкы 100 күнүндө 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада берди