Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Жогорку Кеңештин алдында референдум өткөрүүгө каршы акция өтүп жатат


Жогорку Кеңештин алдындагы референдумга каршы акция. Бишкек шаары. 9-декабрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңештин алдындагы референдумга каршы акция. Бишкек шаары. 9-декабрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 9-декабрда жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына референдум өткөрүүгө каршы акцияга чыгышты. Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн айтып, ал референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышууда.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

9-декабрдагы жалпы отурумунда Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди. Жыйынга катышып жаткан башка депутаттар документти колдоду.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз экенин айтып, референдум тууралуу мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтпөй туруп кабыл алынып жатканын белгиледи.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуш кылганын маалымдаган.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан.

Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүлөт. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG