Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:28

Британия менен Евробиримдик Түндүк Ирландиядагы чек ара маселесин макулдашты


Азырынча Улуу Британия менен Евробиримдик балык уулоо эрежелери боюнча келишим түзө элек. Ньюхейвен портундагы балыкчы. Англия, Улуу Британия. 2020-жылдын 12-октябры.
Азырынча Улуу Британия менен Евробиримдик балык уулоо эрежелери боюнча келишим түзө элек. Ньюхейвен портундагы балыкчы. Англия, Улуу Британия. 2020-жылдын 12-октябры.

Улуу Британия менен Европа Биримдиги Түндүк Ирландия менен Ирландиянын ортосундагы чек ара эрежелери боюнча макулдашууга жетишкени кабардалды. Британ өкмөтүнүн айтымында, тараптар чек араны көзөмөлдөө бекеттери жана дары-дармек менен камсыз кылуу жаатында жана башка маселелер боюнча келишимге жетишкен.

Брекзит менен байланыштуу бул макулдашуунун чоо-жайы жакынкы күндөрү толук жарыяланаары күтүлүп жатат. Ал эми Брекзит жүзөгө ашкан соң, башкача айтканда, 2021-жылдын 1-январынан кийин Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы соода карым-катнаштары кандайча уюштуруларын аныктоочу сүйлөшүүлөр дагы эле улантылып жатат.

Брекзитке каршы чыккан британдык жаран Стив Брэй орус аскер кийимин кийип, Путиндин сүрөтүн көтөрүп, нааразылык акциясын өткөрдү. Лондон. 2020-жылдын 1-сентябры.
Брекзитке каршы чыккан британдык жаран Стив Брэй орус аскер кийимин кийип, Путиндин сүрөтүн көтөрүп, нааразылык акциясын өткөрдү. Лондон. 2020-жылдын 1-сентябры.

Талаш-тартыш туудурган маселелердин бири – балык уулоо жаатындагы макулдашуунун долбоору.

Улуу Британия Евробиримдиктен ушул жылдын январында чыгып кеткен, бирок 31-декабрга чейинки өткөөл доордо тараптардын экономикалык мамилелеринде буга чейинки эрежелер үстөмдүк кылары макулдашылган.

Ал эми Ирландия менен британдык Түндүк Ирландия аймагынын ортосундагы чек ара боюнча 8-декабрда жетишилген макулдашуу Брекзиттин башка өңүттөрүндө кандай чечим кабыл алына тургандыгына карабастан күчүндө кала бермекчи.

XS
SM
MD
LG