Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Бекешев: Жогорку Кеңеш «Референдум жөнүндө» мыйзамды кабыл ала албайт


Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңеш «Референдум жөнүндө» мыйзамды кабыл ала албай турганын Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев бүгүн, 9-декабрда парламенттин отурумунда айтты. Депутат мөөнөтү бүткөн парламент тууралуу Конституциялык палата октябрда чыгарган чечимди кесиптештеринин эсине салды:

«Конституциялык палатанын чечиминде «мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш мамлекеттин тагдырына тиешелүү саясий маселелерди карап, чечим чыгарууга укуксуз» деп жазылып турат. Парламент бюджет жана башка социалдык экономикалык маселелерди кароого укуктуу. Референдум, бийликти бир адамдын колуна берүү - саясий маселе. Ошондуктан «Референдум жөнүндө» мыйзамды экинчи окуудан кароодо ушул маселени да карап көргүлө».

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Парламенттин 9-декабрдагы жыйынына 62 депутат катышты. Алардын ичинен долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Ал эми мыйзам долбоорунун автору Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айрым сын-пикирлер 2-окууда караларын айтты.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан.

Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG