Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо боюнча мыйзамды 1-окууда кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирген. Алардын ичинен долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтымында, «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш.

«Бизде бир да жол-жобосу сакталган жок. Дагы бир нерсе: мыйзамдагы сунушталган мамлекеттик башкаруунун формасы туура берилген эмес. Аткаруу бийлигин уюштуруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакшылап окуп алгыла. Президенттик, парламенттик башкаруу формасы деген жок. Мындай референдумду эч ким тааныбайт. Мамлекеттик башкаруу деген таптакыр башка. Маселе так, ачык болушу керек. Элдин башы айланып калды», - деди Өмүрбек Текебаев.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуш кылганын маалымдаган.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлөт. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG