Жалал-Абадда 36 жаштагы келинди зордуктоого шектелген мурдагы милиция кызматкерин сот үй камагына чыгарып жибергени нааразылык жаратты. Жабырлануучунун жакындары оор кылмышка шектелген жарандын эркиндикте жүргөнүнөн чочулашат.
Кыргызстанда зордуктоого туш болгондордун укугу корголбой жатканы, укук коргоо органдарынан мамилеси тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн.
"Үй-бүлөмү, балдарымы айтып, жалдыраганыма караган жок"
15-июнда Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы тургуну Күмүшайды (ысымы өзгөртүлдү) алысыраак тууганы күч колдонуп, зордуктаган.
"Таттуу жасаган жерде кечки нөөмөттө иштейм. Ошол күнү кечке маал жумушка бараткам. Кечки саат сегизден таңкы жетиге чейин жумуш болот. Анткени биз жасаган таттуулар таң эртеден дүкөндөргө, базарларга таратылат. Ал жерде бир жылдан бери иштеп жаткам. Үйдөн чыгып, көчөдө бара жатсам, атамын карындашынын күйөө баласы (мага жезде болуп калат) машинесин токтотуп, "кайда барасың" деди. "Ишке баратам" десем, "отур жеткирип коём" деп калды. Эч жаман оюм жок машинесинин артына отурдум. Ал-жай сурашып, сүйлөшүп бардык. Менин жумушума жеткенде токтотпой өтүп кетти. "Токтотуңуз" десем, "азыр" деп коюп, үй тарабына айдады. Үйү деле менин жумушумдан алыс эмес болчу. "Жумушума кечигип атам, токтоп коюңуз" дедим. Ал мага карап "ушул жерде бир жылдан бери иштеп, бир жолу үйгө келбедиң, чай ичип кет" деди. Мен чайды кийин ичеримди айтып, шаштым. Машинесин короосуна буруп, эшиктин түбүнө токтотту. Кеч болуп калгандыктан, үйүндө жарык көрүнбөдү. Дароо эле кетейин деп жөнөдүм, "жок дегенде нан ооз тий" деди да, нан алып чыкты. Эми ооз тийгени нанды кармаганда колумдан катуу тартып, ички үйүнө сүйрөп кирди. Кыйкырдым, жалынып-жалбарып ыйладым. "Менин да бала-чакам бар, өзүңүздүн да бала-чакаңызды ойлоңуз жезде, коюңуз" деп жалбардым. Ансайын катуу кармап, жулкулдатып, мени укчудай түрү жок ...өлтүрүп койчудай болуп".
Ошол каргашалуу күндү эскерип жатып Күмүшай ызаасына муунуп ыйлады. Ал үйдөн араң качып чыгып, жумушуна келгенин, туугандарына чалып, алар күйөөсүнө айтып, дароо милицияга арыз жазышканын айтты.
"Бирге иштеген эже менин абалымды көрүп, "тынччылыкпы" деп сурады. "Тынч эле, мен сизге айта албай турган иш болду" деп коюп, кийим алмаштырчу жерге чыгып, бир тууган эжеме чалдым. Болгонун болгондой айтып, ыйладым. Эжем менен иним мага бир жарым сааттан кийин келишти. Алар айылда турушат. Мага келе жатып, жолдон күйөөмө кирип, ага болгон ишти түшүндүрүп айтышыптыр. Үйгө барсам, күйөөм да нес абалда экен. Чогуу милицияга барып, арыз жаздык".
"Шектүү 18 жыл милицияда иштеген"
Тергөөнүн материалдарына ылайык, зордуктоого шектүү окуя болгондун эртеси - 16-июнда кармалган. Ага айыбы угузулуп, 18-июнь күнү Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 14-июлга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.
Шектүү 42 жашта, жогорку билимдүү, Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. 2004-жылдан бери милиция кызматкери болуп иштеп, 2022-жылы пенсияга чыккан.
Тергөөнүн материалдарында "шектүү күнөөсүн мойнуна толук алганы жана кылганы үчүн өкүнгөнү, окуя болгон күнү мас болгонун айтканы" жазылган. Бул иш боюнча Жалал-Абад облустук милициясынын тергөөчүсү Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү ("Зордуктоо. Жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө айыбы угузулган.
Күмүшайдын эжеси шектүүнүн туугандары тосмо арыз жазып берүүсүн өтүнүп, акча сунушташканын "Азаттыкка" билдирди.
"Бизге 50 миң сом беребиз, тосмо арыз жазып бергиле деп суранышты. Макул болбодук, бизге абийир кымбат. Ошондо "керек болсо сотторду сатып алабыз" деп шылдыңдашкан. Көп өтпөй ырасында эле үй камагына чыгып кетиптир деп уктук".
Жабырлануучунун эжесинин айтымында, шектүү үй камагына чыккандан көп өтпөй айылдагы психологиялык кысымга чыдабай, күйөөсү Орусияга кетип калган.
"Азыр сиңдим өзү жашаган үйүнө да баргысы келбей калды. Ошол күндөн бери биздикинде турат. Бир жагынан чочулайт. Эки жаш баласы менен жалгыз болсо, тиги кайра келип дагы бир нерсе кылып кетиши толук ыктымал деп коркуп араң жүрөт. Өзүнө кол салбаса экен деп биз кооптонуп турабыз. Милиция менен сотко неге анча баары бир, түшүнүксүз", - деди Күмүшайдын эжеси.
"Бир айга жетпей үй камагына чыгарылды"
13-июлда тергөөчүнүн арызы менен сот анын бөгөт чарасын узартуу маселесин карап, шектүүнү үй камагына чыгарган. Жабырлануучу соттук кароого катышкан эмес.
"Мени ошол күнү тергөөчү чакырды. Ала-Букадан Жалал-Абадга жеткенче түш ооп кетти. Ал жерде тергөөчүнү дагы 1-2 саат күттүк. Бир кезде ал чыгып: "Убактыңыз болбосо, өзүңүздүн талабыңызды кагазга жазып, калтырып кете берсеңиз болот", - деди. Мен "зордукчул адамдын камалышын гана талап кылам" деп жазып берип, эжем менен кайра айылга кеттим. Эки-үч күндөн кийин айылдаштар зордукчулду сот үй камагына чыгарып, ал айылдагы ата-энесинин үйүнө барып, түлөө өткөрүп жүргөнүн кеп кылышты. Аны угуп күйбөгөн жерим күл болду. Кантип зордуктоого айыпталып, аны мойнуна алган адам үй камагына чыгып калат?".
Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы зордуктоого шектелип, тергөө абагына камалган жаран 13-июлда үй камагына чыгарылганын "Азаттыкка" ырастады.
Маалыматка ылайык, соттун токтомунда "шектүү айыбын толугу менен мойнуна алганы, туруктуу жашаган жери бар болгону үчүн ал үй камагына чыгарылганы" жазылган.
Шаардык сотун чечиминен кийин жабырлануучу адвокат жалдоого аргасыз болуп, облустук сотко кайрылган.
Жабырлануучунун адвокаты Асылбек Дилназаров апелляциялык арыздан пайда чыкпаганын, 24-июлда арызды караган облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырганын "Азаттыкка" билдирди.
"Апелляциялык кароого бизди чакырган жок. Мен дагы, жабырлануучу дагы сот болгону тууралуу такыр кабарыбыз жок. Бизге маалымдабай туруп арызды карап, чечимди күчүндө калтырып коюшуптур".
Жабырлануучу менен адвокаты эми Жогорку Сотко кайрылууну көздөп жатат.
Биздин шектүүнүн өзү, жакындары жана адвокаты менен байланышуу аракетибиз оңунан чыккан жок. "Азаттык"окуянын мындан кийинки өнүгүшүнө көз салып турат.
"Зордукталган келиндер милицияга барбайт"
Кыргызстанда сот зордуктоого шектелген адамдарды үй камагына чыгарып жиберген учурлары буга чейин деле кездешкен. Былтыр Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди үй камагына чыгарып жибергени коомчулукта нааразылык жараткан. Жарандык коом судьяны кызматтан алып, жоопкерчиликке тартууну талап кылган.
Көп өтпөй ал өз каалоосу менен, сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдаган.
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьянын аракетинен өспүрүмдүн укугу тебеленген деп тааныганы кабарланган.
Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.
Укук коргоочулар бул катталган жана кылмыш иши козголгон гана иштер экенин белгилеп, сексуалдык ыдыкка жана зордуктоого кабылган аялдар милицияга кайрылууну каалабай турганын айтып келишет.
Мурдагы омбудсмен Атыр Абдрахматова былтыр Жогорку Кеңеште зомбулукка учурап, милицияга кайрылган аялдар шылдыңдоого кабылып жатканын айтып, Ички иштер министрлигин бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырган эле.
Жакында эле Сокулук райондук соту бир нече күн бою ичүүчү суу берилбегенине нааразылык кылып, суу берүү талабы менен көчө бууган элди "уюштурган" деген негиз менен үч адамды камакка алган.
Муну белгилеген "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Кыргызстанда бийлик, тиешелүү кызматтар тарабынан адам укугуна, аялдардын, балдардын укуктарына байланыштуу маселелерге, сот иштерине тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат деп сынга алды.
"Былтыр 13 жашар кызды милиция кызматкерлери зордуктаган окуя ачыкка чыккандан бери бир жыл өттү. Андан кийин деле канча жашы жете элек, жашы жеткен кыздар сексуалдык зомбулукка кабылганы, өлтүрүлгөнү тууралуу иштерди милиция каттады. Бирок алардын кандай аяктаганы, күнөөлүүлөр кандай жоопко тартылганы көбүнчө белгисиз бойдон калууда. Бул биз айтпасак деле коомчулукка белгилүү болуп турат. Бирок, тилекке каршы, коомчулук да жок шаарларды куруу жана башка кыялдагы нерселерге көңүл буруп, адам укуктарына, аял укуктарына келгенде "терс маалымат" деп баш буруп кетип жатканы өкүндүрөт. Мына ушундан улам ичкенге суу талап кылган адамдар камакка алынып, бирөөнүн аялын, кызын зордуктоого шектелген адамдар үй камагына чыгарылып жатат. Буга президент баш болуп, мамлекеттик органдар - Жогорку сот, Башкы прокуратура, күч кызматтары көңүл бурууга тийиш эле. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатканын көрүп турабыз".
Былтыр 13 жашар кызды зордуктап жүргөн деген айып менен эки милиция кызматкери соттолуп, камалган.
Жарандык активисттер милиция кызматкерлеринин кылмыштуу иштерге аралашканы үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн бир нече ирет талап кылган.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бейпилдиги боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.