Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46

Мурдагы премьер Жапаров ДСУнун негизги принциптери тобокелчиликке тушукканын билдирди


Акылбек Жапаров форумда.
Акылбек Жапаров форумда.

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын администрациясынын кээ бир өлкөлөр менен соодада пошлина киргизүүсүнөн улам Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) айрым принциптери тобокелчиликке туш болгонун айтып чыкты. Бул тууралуу Жапаров Кытайдын Боао шаарында өтүп жаткан Азия экономикалык форумунун алкагында жергиликтүү медиага курган маегинде билдирген.

“Тилекке каршы, учурда дүйнө олку-солку абалда. Дүйнөнүн биринчи экономикаларынын бири болгон АКШ бир тараптуу түрдө Кытай, Европа, Түштүк Америкадагы айрым өлкөлөргө пошлина киргизип жатат. Мындан улам Дүйнөлүк соода уюмунун негизги принциптери тобокелчиликтерге туш болду”, - деген Жапаров.

Ал мындай кырдаалда Боао Азия экономикалык форуму жаңы байланыштар үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

АКШнын президенти Дональд Трамп ушул ай башында Канада, Мексика жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга пошлина киргизгенин жарыялаган. Кийинчерээк Мексикага тарифтер бир айга токтотулган. Трамп мындай тарифтер Европа Биримдигине, Улуу Британияга да киргизилиши мүмкүндүгүн ишарат кылган эле.

Кытайдын Хайнань аралында Боао экономикалык форуму (Boao Forum For Asia) 2002-жылдан бери өтүп келет. “Чыгыш Давосу” деп аталган форумда дүйнө жана Азия аймагындагы экономикалык тенденциялар талкууланат. Быйыл форум 25-28-март күндөрү өтүүдө.

Акылбек Жапаров 2021-жылдан былтыр декабрга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы болуп иштеген. Андан бери коомдук-саясий турмушка аралашпай жаткан эле.


Шерине

XS
SM
MD
LG