Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:22

Келиндин өлүмү: үч инспекторго иш козголду


Иллюстрация сүрөт. Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча Бишкектеги акция. 8-июль, 2022-жыл.
Иллюстрация сүрөт. Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча Бишкектеги акция. 8-июль, 2022-жыл.

Таласта былтыр декабрдын аягында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан келиндин өлүмүнө байланыштуу дагы төрт кишиге кылмыш иши козголду.

Талас шаардык прокуратурасы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан келиндин өлүмүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын үч инспекторуна жана алардын биринин жубайына кылмыш иши козгоп, аларга “жардам көрсөтпөй койгон” деген айып такты. Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" ырастагандай, аларга кылмыш иши 10-августта козголгон.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева

"Аталган факты 2022-жылдын 9-март күнү Талас шаардык прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, 2022-жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси ("Жардам көрсөтпөй коюу") менен Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын 15-август күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө жиберилген. Учурда кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүрүүдө".

2021-жылы, 29-декабрда 30 жаштагы келин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштеген күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон. Айыпталуучу 26-августунда Талас шаардык соту тарабынан 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл, алты айга эркинен ажыратылган.

Окуя болгон күнү, жубайлардын чырынан кийин алардын үйүнө жогорудагы кылмыш иши козголгон кызматкерлер барганы видеого түшүп калган. Социалдык тармактарга тарап кеткен тасмада алар барганга чейин келинди күйөөсү башка-көзгө аёосуз тепкилеп урганын көрүүгө болот.

Каргаша болгон үйгө барган инспектордун жубайы маркум келин ага сабалганы тууралуу айтпаганын жана окуяга алардын тиешеси жок экенин белгиледи.

“Булар менен үй-бүлөлүк катташыбыз бар. Мен барганда Нуриза кызуу экен. "Силер эмнеге келдиңер, кете бер, менин жашоомо илешпе" деп койду. Мас болуп калган турбайбы, эртең сүйлөшөм деп ойлогом. Бир жери канап же көгала болгонун көргөн эмесмин. Үй ээси менен кечке сүйлөшүп отуруп, анан үйгө кеткенбиз. Келинчеги уктап калган. Жабырлануучу тарап "кийимин алмаштырган деп жатат. Жууп, кургаткан деген сөз калп. Кийимин өзү алмаштырып, ошол жерде калса керек. Күйөөсү да бизге "мен сабадым, минттим" деген эмес. Булар бактылуу үй-бүлө болчу. Мындай болуп кетет деп ким ойлоптур?”.

Ал эми кызматкерлердин бири үйгө кирбей эле сырттан кетип калганын жана маркум келинди көрбөгөнүн айтууда.

"Мага кылмыш иши туура эмес козголуп жатат. Азамат тамеки алып келчи деп чакырган. Барсам берки эки досу бар экен. Бирөөсү аялы менен келген окшойт. Тамекини берип эле кетип калгам. Үйдүн ичине кирген эмесмин. Мага иш негизсиз эле козголуп жатат".

Маркум келиндин артында эки уулу жетим калды. Алар учурда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында таята-таенесинин колунда.

Маркумдун атасы Элис Каныбеков кызынын өлүмү үчүн Жол коопсуздугунун кызматкерлери дагы жооп бериши керек деп эсептейт.

"Булар ага жардам берип жатышпайбы. Кийимин тазалашыптыр. Сотто бирөөнүн аялы кийимин өзү которгон деп айтып жатат. Ал эми экспертиза адам андай абалда кийим котормок тургай, колун көтөрө албай калат дебедиби. Кабыргалары сынып, көзү жарылып кетсе да көргөн эмеспиз деп көрсөтмө берип жатышпайбы. Үйдүн ичинде да камера бар болчу, ал дайынсыз. Булар атайын жок кылган. Сырттагыны байкабай калган. Булардын ишин карасын, анткени кошул-ташыл болуп жатпайбы. Дароо "Тез жардам" чакырса, аман калмак экен. Балдар менин колумда болот, улуусу "Билимканага" окууга кетти. Кичүүсү жанымда. Биз багабыз, кызым акыркы жолу "таятаңардын үйүнө баргыла" деп айтыптыр".

Бул окуя коомчулукка ачыкка чыкандан кийин курч реакцияларды, кызуу талаш-талкууларды жараткан.

Кыргызстанда аялдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан каза табышы акыркы жылдары көп катталууда. Мындан улам аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында да бир нече жолу уюштурулган.

Айрым адистер зомбулуктун токтобой жатканын коомдук деңгээлде билимге, адеп-ахлакка, акыл-эске таянган күрөштүн жоктугуна байланыштырып келишет.

"Аялзат" коомдук фондунун жетекчиси Зарина Турукманова зомбулукту ооздуктоо жалпы иш экенин белгилейт.

Зарина Турукманова - "Аялзат" коомдук фондунун төрайымы
Зарина Турукманова - "Аялзат" коомдук фондунун төрайымы

"Зомбулукту токтотуу - бул жалпы иш. Бул көйгөй талкууланып, баары жанаша иштөө керек. Билим берүү тармагында дагы зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча программалар иштелип чыгып, социалдык педагогдор, социалдык кызматкерлер үй-бүлөлөр менен тыгыз иш алып барышы керек. Бир органды тарапты иштейт деп күтүп отурбай баары жапа тырмак иштегенде жыйынтык болот".

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга карата зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көп катталууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Статистикалык маалыматка караганда, быйыл жети айда 9 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Укук коргоочулар жана активисттер мындай кылмышка баргандарды жазага тартуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүү талабын билдирип келишет.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.

XS
SM
MD
LG