Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:29

28-марттын аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт


Ала-Арча.
Ала-Арча.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 28-29-март күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болот. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, карга айланат. 28-мартта тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз 1…6;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке жуук карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG