Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Дүйнө калкынын үчтөн бири үйгө бекинди


Париж. 23-март 2020-жыл
Париж. 23-март 2020-жыл

Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү коронавирустан улам карантинге алынды. Ушу тапта 438 миң 700 киши ооруну жуктуруп алды, 20 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылды.

Эпидемия өкмөттөрдү чукул чара көрүүгө аргасыз кылууда. Орусияда апрелдин аягына белгиленген элдик референдум кийинкиге жылдырылмай болду.

Ал тапта COVID-19дан катуу жапа чеккен Ирандын бийлиги эл аралык гуманитардык уюмдун жардамынан баш тартты.

Орусиянын президенти Владимир Путин конституциялык өзгөртүүлөр боюнча 22-апрелге белгиленген референдумду кийинкиге жылдыруу чечимин жарыялады. 25-марттагы телекайрылуусунда мамлекет башчы добуш берүүнүн жаңы датасын атаган жок.

Путиндин телекайрылуусу, Москва 25-март 2020-жыл
Путиндин телекайрылуусу, Москва 25-март 2020-жыл

"Биз аймактардагы, жалпы өлкөдөгү кырдаал кандай өнүгөрүн байкап туруп, кесипкөй пикирлерге, догдурлардын, эксперттердин кеңештерине кулак салып добуш берүү качан өтөрүн чечебиз".

Референдумга алынып чыккан түзөтүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылы да президенттикке ат салышууга, жеңсе, 2036-жылга чейин эки мөөнөт бийликте калышына жол ачат. Оппозиция, бир катар коомдук ишмерлер жана юристтер бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы келерин айтып сындаса, Конституциялык сот андай карама-каршылык жок деген бүтүм чыгарды. Орусиянын айрым шаарларында активисттер нааразылык акцияларын уюштуруп келди.

Кайрылууда Путин коронавирус эпидемиясына байланыштуу 30-марттан 5-апрелге чейин орусиялыктар эс аларын, маяналары сакталарын жарыялады.

Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова шаршемби күнү билдиргендей, COVID-19га өлкөдө 658 киши кабылганы аныкталды. Алдыңкы күнү бул сан 495 болчу. Эң көп учур Москвада катталды. Ошол эле маалда 146 миллион калкы бар өлкөдө жугуштуу илдет тууралуу маалымат жашыруун болуп жатат деп күмөн санагандар да арбын.

Дүйнөдө да бул вирусту жугузуп алгандардын саны өсүп жатат. Европада Италиянын артынан Испания коронавирустан каза тапкандарын саны боюнча Кытайдан ашып түштү. Мадриддин шаршембиде тараткан маалыматка ылайык, COVID-19 3434 кишинин өмүрүн алып кетти.

Тегерандагы базар. 25-март 2020-жыл
Тегерандагы базар. 25-март 2020-жыл

Эпидемиядан эң катуу жапа чеккен дагы бир өлкө - Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жаханпур шаршемби күнү бир суткада коронавируска чалдыккан дагы 2206 киши катталганын, инфекция жуктургандардын жалпы саны 27 миң 17кишиге жеткенин билдирди. Иранда коронавирустан 2077 киши каза тапты.

Мындан мурда Тегеран Женевада жайгашкан “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун жардам берүү сунушун четке каккан.

Уюмдун маалыматына ылайык, реаниматолог, башка дарыгерлерден, адистерден турган топ Исфахан шаарында 50 кишилик убактылуу көчмө оорукана тургузушмак.

Иран бийлиги адегенде сунушту жактырып, жуманын аягына чейин топ Исфаханга жөнөмөк, бирок өлкө жетекчилиги ал чечимди жокко чыгарды.

Ирандын Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Алиреза Вахабзадех андай зарылчылык азырынча жок, вируска каршы күрөшкө куралдуу күчтөр тартылып жатканын “Твиттерге” жазды.

Ирандын консерватор жетекчилери “Чек арасыз дарыгерлер” уюму "өз кызматкерлерин тыңчы катары пайдаланышы" ыктымал дешет.

Буга чейин Тегеран АКШнын гуманитардык жардамынан баш тарткан. Вашингтон өлкөнүн эпидемияга каршы аракеттерине көмөк көрсөтүү ниетин билдиргенде, "адегенде санкцияларды алып салсын" деген талап койгон.

Экономикалык санкциялар Ислам жумуриятына өзөктүк программасынан улам киргизилген.

24-мартта БУУнун Адам укктары боюнча комиссары Мишель Бачле медициналык системанын кыйрашынын алдын алуу үчүн Иран өңдүү өлкөлөргө каршы санкциялар “тезинен кайра каралып чыгууга” тийиш деп чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG