Австралиянын Сидней шаарында «Кыялдануу маалы» деген пиротехникалык жаркылдактардын чоң оюн-зоогу болду. Жаркылдап, кубулган оттордун тынымсыз 15 мүнөт күйүп турушу үчүн 9 тонна жардыргыч зат жумшалды. Бул оюн-зоокту дүйнөнүн көптөгөн сыналгы каналдары көрсөттү.
Дубайда болсо дүйнөдөгү эң бийик Бурдж-Халиф имараты жаркылдаган оттор менен кооздолуп, андагы бийлеген фонтандар өзгөчө көрк тартуулады.
Саат 12де Токионун борборунда жаңы жылдык каалоо-тилектер бекитилген шарлар асманга көтөрүлдү. Өткөн жылы жапондуктар табияттын оор кырсыгына кабылып, 20 миңден ашуун киши көз жумду.
Лондондун Темза даярысынын боюндагы салютка жүз миңдеген адамдар күбө болду. Британдыктар 2012-жылды чыдамсыздык менен күттү. Британияда жаңырган жылда Лондон олимп оюндары менен ханыша Елизавета Экинчинин "бриллиант тоюу" өтөт.
Берлин, Париж, Москва жана башка шаарларда жүз миңдеген адамдар көчөлөрдө жаңы жылды тозушту.
Нью-Йорктун Таймс-сквер аянтына келгендерге саат түнкү 12ге чейин популярдуу ырчылар Леди Гага менен Жастин Бибер чоң концерттик программа тартуулашты. Аянтта жылдагыдай эле өтүп бараткан жылдын акыркы мүнөттөрүндө 30 миң оттон куралган хрусталдык шар түшүрүлдү.
АКШ президенти Барак Обама америкалыктарга кайрылып, жаңы жыл менен куттуктады:
- Мага силер гана 2012-жылга илгери үмүт бересиңер. Анткени биз катуу талаш-тартыштардын өтсөк дагы алдыда андан курч кармаштар турат. Мен буга чейин айткандай, биз ортоңку класс үчүн шарт түзөбүз, же аны жок кылабыз. Ошол эле кезде алдыдагы айларда биз жасай турган кадамдар биздин кандай өлкө кургубуз келээрин, биздин балдар жана андан кийинки муун кандай дүйнөдө өсүшүн аныктай турган мезгил болот.
Президент Обама өткөн жылы Кошмо Штаттар алгылыктуу иштерди аткарганын, өлкө экономикалык кыйынчылыктан баш көтөрө баштаганын белгиледи.
Президент Дмитрий Медведев орусиялыктарга 2 мүнөт жаңы жылдык куттуктоо менен кайрылып, 2011-жыл Орусияда ийгиликтүү жыйынтыкталганын «бул биздин биргелешкен эмгектин үзүрү" болду деп белгиледи.
Кыргызстандыктарды биринчи жолу өлкө президенти менен премьер-министр экөө тең куттуктады. Советтик мезгилден бери жаңы жылдык куттуктоону өлкөнүн биринчи гана жетекчиси айтып келчү. Бул ирет 31-декабрда түнкү саат 11де премьер Өмүрбек Бабанов өлкөнүн калкын куттуктаса, президент Алмазбек Атамбаев саат 12де жаңырган жылда кыргызстандыктарга биримдик каалады.