Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:50

Германия тунистик жигитке издөө жарыялады


Германия издөө салган Анис Амри.
Германия издөө салган Анис Амри.

Германия бийликтери издөөдөгү инсанды табууга көмөктөшкөндөр үчүн 100 миң евро сыйлык койду. Немис борборундагы кол салуудан кийин коопсуздук чаралары Европанын башка өлкөлөрүндө да күчөтүлдү.

Немис коопсуздук органдары 19-декабрдын кечинде Берлиндеги калабаны уюштурган деп теги боюнча тунистик, 24 жаштагы Анис Амрини аныкташты. Кандуу окуя Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо алдында уюштурулган базарлардын биринде өткөн. Базарга келгендерди оор жүк ташыган автоунаа тебелеп кеткен. Кол салуунун натыйжасында 12 адам набыт болуп, 48и жараат алган.

Эки күн өткөндөн кийин 21-декабрдын кечинде Германиянын Федералдык прокуратурасы интернет сайтында шектүүнүн сүрөттөрүн жарыялап, коомчулукка ал “коркунучтуу жана куралчан” болушу мүмкүн экенин эскертти.

Шектүү террорчу тууралуу кабар Европанын башка мамлекеттерине да берилип, издөөгө Германиянын он алты облусунун полиция күчтөрү тартылууда.

Жүк тарткан унаа базарды сүзгөндөн кийинки көрүнүш. Берлин, 20-декабрь, 2016-жыл.
Жүк тарткан унаа базарды сүзгөндөн кийинки көрүнүш. Берлин, 20-декабрь, 2016-жыл.

Немис ички иштер министри Томас де Мезьердин 22-декабрда айткандарына караганда, аларда азыр изделип жаткан тунистик жигит кол салуунун уюштуруучусу болушу мүмкүн деген ишеним жогору.

Полициянын эсебинде, кылмышка шектүү жүк тарткан унааны польшалык айдоочудан тартып алган. Ал ок жеп, кийин алган жараатынан улам каза тапкан. Автоунаанын кабинасынан изделип жаткан тунистиктин иммиграциялык кагаздары, бармак изи табылган.

Германиянын ал жашаган Түндүк Рейн-Вестфалья жеринин ички иштер министри Ральф Йегердин айтымында, издөө салынган шектүүнүн качкын макамын алуу арызы быйыл августта четке кагылган, мындан улам ал мекени Туниске кайтуусу керек эле, бирок ал үчүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Анис Амринин Тунистеги бир тууганы Валид кабарчылардын суроосуна жооп берүүдө. Тунис, 22-декабрь, 2016-жыл.
Анис Амринин Тунистеги бир тууганы Валид кабарчылардын суроосуна жооп берүүдө. Тунис, 22-декабрь, 2016-жыл.

Аймактык министр кошумчалагандай, ал Германиянын контртеррористтик борборуна да белгилүү болгон, анын маселеси бул кызматтын өкүлдөрү менен өткөн айда эле талкууланган.

19-декабрдын кечиндеги окуядан соң полиция адегенде пакистандык 23 жаштагы мигрант жигитти кармаган.

Бирок анын кол салууга катышканы боюна эч бир далил табылбаганына байланыштуу кайра бошоткон эле.

20-декабрда болсо “Ислам мамлекети” тобу Берлиндеги чабуулга ал шыкак бергенин жана анын “жоокери” жасаганын айтып чыкты. Мындай билдирүү экстремисттик уюмга байланышы бар AMAQ интернет сайтында жарыяланды.

Майрам алдындагы кол салуу бир жагынан Берлиндин тургундарын сестентсе, экинчи жагынан канцлер Меркелдин миграциялык саясатын сындагандардын кыжырын кайнатты.

Андан бери шаарда азыркы өкмөттүн качкындарга карата мамилесин колдогондордун, каршылардын да акциялары өттү.

2015-жылы өлкөсүнө 900 миңдей качкынды киргизүү менен саясий беделин тобокелге салган Ангела Меркел Берлиндеги кол салуудан кийин төмөнкү жагдайга көңүл бурган эле:

- Мен билип турам, эгер бул кылмышты Германиядан коргоону жана качкын макамын издеген адам жасаганы ырасталса, муну көтөрүү баарыбыз үчүн кыйын болот. Бул Германияда качкындарга күнүнө жардам берип иштеп жаткан немистерге, ошондой эле биздин жардамга чындап эле муктаждарга жана биздин өлкөгө интеграцияланууга аракеттенип жаткандарга оор тиет.

Ангела Меркел үчүн келерки 2017-жылы шайлоо жылы. Ал Христиан-демократиялык союзу партиясынын лидери катары канцлердин төртүнчү мөөнөтүнө барышы үчүн саясий жарышка кайрадан түшөрүн өткөн айда жарыялаган.

Берлиндеги калаба. 19-декабрь
Берлиндеги трагедия: 12 өмүр кыйылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG