Казакстанда кайрымдуулук менен алектенген Biz Birgemiz коомдук фондунун жетекчиси Перизат Кайрат камакка алынды. Ага алгач ушул жылы жазында селден жапа чеккен жарандарга жардам иретинде чогултулган 1,5 миллиард теңгеден ашык акчаны (үч миллиондой доллар) кымырып алган деген айып тагылган. Көп өтпөй Палестина эли үчүн чогулган дагы 200 миллион теңгеге (400 миң доллар) байланыштуу дагы айып тагылганы белгилүү болду.
Финансылык мониторинг агенттигинин маалыматына ылайык, Перизат Кайрат коомчулуктан чогулган акчага Астанадан кымбат батирлерди, люкс машиналарды жана кымбат баалуу буюм-тайымдарды сатып алган. Ошондой эле тынбай саякаттап, кымбат мейманканаларда токтоп жүргөн.
Перизат Кайраттын жакындары жана жактоочусу, ошондой эле Biz Birgemiz фонду окуя тууралуу комментарий бере элек.
Аталган фонд 2021-жылы июнда ыктыярчылардын бүткүл улуттук кыймылы катары түзүлгөн жана катарында 15 миңден ашык ыктыярчы бар экени айтылган.
Аталган фонддун атынан ушул жылы жайында Кыргызстандын түштүгүнө селден жабыркаган жарандарга жардам келгени кабарланган.
Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында ушул жылы жазында дээрлик бир ай бою сел жүргөн. Жалпысынан он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланып, кырсыкта 120 миңдей киши үйүн, короо-жайын суу алып, эвакуация болгон. Селдин айынан кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган.
Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айып пул салынган. Коомчулукта жабыркаган элге жардам чогулткан учурлар болгон.
Шерине