Берлинде жаңы жылдык жармаңке учурунда элди тебелеп, ондон ашуун адамдын өлүмүнө алып келген жүк унаасынын айдоочусу кармалды. Акыркы кабарларга караганда, окуяда бери дегенде 12 адам көз жумду. Элүүдөн ашууну жараат алды.
Шаардын чок ортосунда уюштурулган жаңы жылдык жармаңкеде адамдар толуп турган учурда жүк ташуучу унаа элди бастырып, жармаңке ичине 70 метрдей кирген.
“Азаттыктын” кабарчысы тактаган кабарга ылайык, бийликте буга чейин жаңы жылдык иш-чаралардын биринде теракт уюштурулушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат болгон. “Немис толкуну” радиосу билдиргендей, полиция азырынча муну “теракт” деп атоодон карманууда. (SE)