Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

АКШда "FaceApp" кооптонуу жаратты


"FaceApp" тиркемеси
"FaceApp" тиркемеси

АКШда "FaceApp" деп аталган мобилдик тиркемеден чочулай башташты.

Соңку күндөрү дүйнөдө бир топ аттуу-баштуу, белгилүү адамдар тиркеменин жардамы менен өздөрүн алда канча картайткан же жашарткан сүрөттөрүн жарыялай баштагандан бери аны көчүрүп алып пайдалангандардын катары калыңдады.

АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Чак Шумер «‎FaceApp» тууралуу Федералдык чалгындоо бюросунун башчысы Кристофер Рей менен Федералдык соода комиссиясынын төрагасы Жо Саймонско кат жолдоду.

Анда бул тиркеме улуттук коопсуздукка эле эмес, АКШнын миллиондогон жарандарынын жеке маалыматынын купуялуулугуна да шек келтириши ыктымал экени айтылат. Ошондуктан сенатор тиркемени текшерип чыгууну өтүндү.


«Тиркемени колдонгондордун сүрөттөрүн уруксатсыз пайдаланууга болуп көрбөгөндөй жол ачылат. Кибермейкиндикте АКШ менен душмандашып жаткан чет өлкөлүк держава АКШнын жарандары тууралуу маалымат топтоп алса кесепети оор болот», - деп жазды сенатор.

АКШда Демократтардын улуттук комитети өздөрүнүн партиясынан президенттикке талапкер болгондордун баарына кат жолдоп, «‎FaceApp» тиркемесин колдонбоону, өздөрүнүн жана алардын командасындагы адамдардын телефондорунан чукул арада өчүрүп салуу керектигин эскертти.

Бирок азыр «‎FaceApp» тиркемесин колдонгондор тууралуу кандайдыр бир маалымат топтолуп, үчүнчү тарапка берилип жатканы тууралуу эч кандай далил жок.

Адамды улгайтып көргөзгөн бул программаны Орусиянын Санкт-Петербург шаарында катталган «‎Wireless Lab» аттуу компания 2017-жылы иштеп чыккан. Анын башкы директору жана бул тиркеменин автору Ярослав Гончаров. Ал «‎Яндекс‎» компаниясынын мурдагы кызматкери.

Жасалма интеллекттин негизиндеги бул тиркеменин жардамы менен сүрөттөн адамдын чач жасалгасын, түсүн алмаштыргандан тышкары, жүзүн кыйла картайтып же жашартып, жылмайтып же кайгыртып, айтор эмоцияны да өзгөртсө да болот.

Бул компания «‎FaceApp» тууралуу соңку кооптонууга байланыштуу атайын билдирүү таратты. Анда дооматтардын баарын четке кагып, сүрөттөрдүн көбү 48 саат ичинде серверден жок кылынарын, кардарлардын маалыматтары башка адамдарга же уюмдарга берилбесин билдирди.

Тиркеме соңку күндөрү дүйнө жүзү боюнча өтө популярдуу болуп кеткен. Буга ар кайсы тармактагы белгилүү, атактуу адамдардын өзүн кыйла картайткан сүрөттөрүн байма-бай жарыялай баштаганы себеп болду. Тиркеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, аны ушул убакка чейин 80 миллиондон ашуун адам телефонуна көчүрүп алган.

Буга чейин АКШдагы 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген чуу чыккан. Тактап айтканда, ошол маалда Демократтардын улуттук комитетинин Интернеттеги серверине чабуул жасалган, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтондун электрондук почтасындагы каттар ачыкка чыгып кеткен.

Ошондой эле, коомдук желелер аркылуу америкалыктардын добуш берүүсүнө таасир этүү үчүн атайын аракеттер болгону айтылган. Кошмо Штаттардын атайын кызматтары мунун артында Москва турат деп божомолдогон. Орусия дооматтардын баарын четке каккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG