Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Өзбек өкмөтү ата-эне милдетин күчөтүүдө


Өзбекстандык мектеп окуучулары
Өзбекстандык мектеп окуучулары

Өзбекстанда жайкы каникул алдында мектеп окуучуларынын ата-энелеринен балдарга көзөмөлдү күчөтүү, баскан-турганын текшерип туруу жаатында тилкат алына баштады.

"Таалим жөнүндөгү" мыйзамдын чегинде экени айтылган бул тилкатта негизги талап окуучуларды мечит жана медреселерге жөнөтпөөгө белгиленген. Андан тышкары, жеткинчектерге оюнканаларга баруусуна, каналдарда сууга түшүүсүнө, акча табуучу жумуштарга тартылуусуна жана чет элге чыгуусуна да тыюу салынган.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Анжиян облусунан келген билдирүүдө айтылгандай, мектеп жетекчилигине берилген тилкаттарда ата-энелерге ондон ашуун милдеттенме жүктөлгөн. Угарман тилкаттын нускасын сүрөткө тартып да жөнөткөн. Анын мазмуну менен таанышыңыз:

"Мен баламдын жайкы каникул учурунда тартиптүү болуп жүрүшүнө, адеп нормаларын толук сакташына, "Таалим жөнүндөгү" мыйзамдын 30-беренесинин талаптарын аткарышына, мечитке намаз окуганы барбай, мыйзамсыз медреселерде билим албоосуна, диний агымдарга кошулуп кетпөөсүнө, соода менен алектенбөөсүнө, тилемчилик, арабекечтик кылбоосуна, машина жууп, бензин сатып иштебөөсүнө, жол эрежелерин так сактоосуна, жашоосуна кооптуу азыктарды жебешине, кечки саат алтыдан кийин көчөгө чыкпоосуна, чет өлкөгө кетпөөсүнө, интернет жана оюн клубдарына барбоосуна, канал жана дарыяларда сууга түшпөөсүнө кепилдик берем. Эгер жогоруда айтылгандар аткарылбаса, мыйзам негизинде чара көрүлүшүнө каршы эмесмин.

Ата-энелер кол койгон даяр тилкаттын нускасы
Ата-энелер кол койгон даяр тилкаттын нускасы

Бирок талаптарды аткарбаган ата-энелерге кандай чара көрүлөрү тууралуу маалымат жок.

Анжияндагы мектеп окуучуларынын ата-энелери “Азаттык” радиосуна берген маалыматында мугалимдер үймө-үй жүрүп, даяр тилкатка кол койдуруп жатканын белгилешет.

Маалыматтарга караганда, Өзбекстанда ата-энелерден мындай кепилдик кагаздары үч жылдан бери алынат. Бирок быйыл өнөктүккө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылууда. Мугалимдерге да тилкаттагы убадалардын аткарылышын такай көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, мындай кепилдик кагаздары башка облустарда да жүрүп жатат.

Тилкатта Өзбекстандын “Таалим жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин талаптары эскертилет. Ал беренеде “Бойго жете элек балдардын ата-энелери же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү баланын укугун, кызыкчылыктарын коргоого тийиш жана алардын тарбиясына, билим алуусуна жоопкер” деп айтылат. Бирок серепчилер тилкаттагы милдеттенмелер мыйзамда айтылгандай, баланын укуктарын коргобой, тескерисинче, чектеп жатканын белгилешүүдө.

Чехиядагы өзбек журналисти Барно Анвар мыйзамдагы 30-берене анык чечмеленип берилбегенин айтууда:

- Бул беренеде жазылган милдеттенмелерге конкреттүү чечмелөө жок. Тилкатта ата-энелерге ондон ашуун талап коюлган. Балдарды чет элге алып чыгып кетпөө керектиги да айтылат. Бул талаптардын баары ошол 30-беренеге негизделип жатат. Бирок алар ошол беренеге канчалык байланышат, анысы так эмес. Бул боюнча бизде расмий маалыматтар жок. Балким мыйзамга тиркелген документтер болушу ыктымал, инструкциялар иштелип чыккандыр. Тилекке каршы, андай маалыматтарды биз азырынча таба алган жокпуз.

Өзбекстанда жайкы каникулдан тышкары, пахта терими учурунда да ата-энелерден тилкат алуу эрежеси бар. Баласын өзүнүн районуна же башка аймакка пахта талаасына жиберген ата-эне анын тартиптүү болушуна, талаптарды аткарбаса жоопко тартылышына макулдугун билдирип кепилдик берет.

XS
SM
MD
LG