Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Өзбекстанда газ кууру жарылды


Газ куурунун жарылуусун камерага тартып алышкан
Газ куурунун жарылуусун камерага тартып алышкан

Өзбекстанда газ куурларынын жарылуусунан чыккан өрт өчүрүлдү. Буга чейинки күбөлөрдүн 16 адам жаракат алды деген маалыматы тастыктала элек.

24-августта кечки саат 21:00 чамасында Ташкен облусунун Жогорку Чирчик районундагы “Жаңы-жер-Ташкент” газ магистралында катуу жарылуу болгон. “Достук” чарбасынын аймагы аркылуу өткөн газ куурундагы жарылуунун жалыны биртоп жерлерде көрүнгөн.

Өрттү он чакырымдай алыстыктан көргөн Фейсбуктагы “Ташкенттин айдоочулары” тайпасынын колдонуучуларынын бири мындай деп жазды:

- Мен окуя болгон жерден бир нече чакырым алыс жашайм. Чынында жарылуу аябай катуу болду. "Тарс" эткенде асманга жалын көтөрүлүп, жарылуунун толкуну бизге чейин жетти. Менин үйүмдүн терезелери силкилдеп, дубалдар жер титирөө болгондой титиреп жатты.

Ташкен облусунун ички иштер бөлүмүндө иштеген адамдын «Азаттыктын» өзбек кызматына кабарлашынча, кырсык болгон жердеги жалынды Чирчик шаарынын өрт өчүрүүчүлөрү шейшембиде таңга жуук толук өчүрүп бүтүштү. Учурда газ куурларын оңдоо иштери жүрүүдө.

Анын айтымында, газ магистралынын жанында турак жайлар болбогондуктан жабыр тарткандар жок.

-Жарылып кеткен куурдун диаметри 1200 мм болгон. Алгач 50 метрлик жери күйгөн экен, анан катуу жарылып кетиптир. Жарылуу болгон аймакта бир нече гектар айдоо эгиндери жараксыз абалга кептелди. Бирок жаракат алган, мерт болгон адамдар жок,- деди Ташкендин ички иштер бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери.

Буга чейин окуяга күбө болдук деген адамдар интернетте “газ куурунун жарылуусунан 16 адам жаракат алганын, алар ооруканада дарыланып жатканын” жазышкан. Расмийлер азырынча бул маалыматы тастыкташа элек. Жаракат алгандар дарыланып жатат делген Чирчик шаарындагы оорукананын дарыгери “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Мен эки күндөн бери бейтапканада мөөнөттө турам. Жарылуудан жабыр тарткандар бизге келип дарыланып жатат экен деген маалыматтар жалган. Бизге келген жок.

Окуя орун алган жерде Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана «Узбекнефтегаз» улуттук холдинг компаниясынын жетекчилери келишкен. Кырсыктын себептерин атайын түзүлгөн комиссия иликтөөгө алууда.

Газ куурларына ээлик кылган «Узтрансгаз» ишканасы өрттүн айынан Жогорку Чирчик районундагы 30 миңдей, Паркен районундагы 42 миңдей жана Бостон районундагы 8 миңдей кардар көгүлтүр отунсуз калганын билдирди.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG