Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

АКШ - Орусия: Трамп Путин боюнча өз сөзүнө тактоо киргизди


Трамп менен Путин APEC саммити учурунда. Вьетнам, 11.11.2017.
Трамп менен Путин APEC саммити учурунда. Вьетнам, 11.11.2017.

АКШ жана Орусия президенттери Азиядагы саммит учурунда кыска жолукканы менен эки тараптуу атайын сүйлөшүү өткөрүшпөдү. Ал эми президент Доналд Трампка президент Путин боюнча соңку сөздөрүнүн айрымдарына мекениндеги сындан улам түшүндүрмө берип, тактык киргизүүгө туура келди.

Президенттер Трамп менен Путин алгачкы ирет буга чейин быйыл июлда, Чоң жыйырманын Германиянын Гамбург шаарындагы саммитинде кездешип, анда эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн эле.

Ошондой эки тараптуу сүйлөшүү Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун өткөн апта соңунда Вьетнамдагы саммитинде да болот деп күтүлгөн.

Бирок президенттер саммит учурунда кездешип, пикир алышканы менен эки тараптуу деңгээлде толук кандуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн жок.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков муну “америкалыктардын ийкемдүүлүктү көргөзбөгөнүнө” байланыштуу деп түшүндүрдү.

Ал эми Ак үй өкүлдөрү мурдараак эки президенттин сүйлөшүүсү болбошун тараптардын графиги шайкеш келбегенине байланыштырган.

Башында орус тарап эки президент өзүнчө жыйын өткөрөрүн озунуп билдирип, бирок америкалык тарап муну дароо төгүндөгөн болчу.

Америка - Орусия лидерлеринин өзүнчө атайын сүйлөшүү өткөрбөсө да эл аралык саммиттеги экинчи кездешүүсү АКШда Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен ыктымал байланыштары боюнча иликтөөлөр мурдагыдан да тереңдеген учурга туш келди.

Путин жана Трамп APEC саммити учурунда. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Путин жана Трамп APEC саммити учурунда. 11-ноябрь, 2017-жыл.

Трамп кимге ишенет ?

АКШ президенти Трамптын өзүнүн айтымында, ал бул жолку кездешүүдө да Путинден Кремл 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкенби же жокпу деп түз эле сураган.

“Биз жолуккан сайын ал мындайды жасаган эмесмин деп жатат. Мен ал муну айтканда эске алып жаткандарына ишенем", - деген эле Трамп Вьетнамдан Путин менен пикир алышкандан кийин.

Бирок жекшембиде Трампка бул сөздөрүнө тактык киргизип, түшүндүрмө берүүгө туура келди:

- Мен бул жерде кандайдыр бир конфликт бардыгына таң калып турам. Мен ишенем, ал ишенет (Путин) деп айттым. Кимдир бирөөнүн буга ишенгени абдан маанилүү да. Мен ал жана Орусия шайлоого кийлигишкен жок деп сезип жатканына ишенем. Мен буга ишенемби же ишенбеймби, биздин агенттикттер (чалгын) менен биргемин. Мен биздин чалгын агенттиктерге ишенем. Мен алар менен абдан бекем иштештим. Мен президент Путин чындап эле биздин шайлоого кийлигишкен жокмун деп өзүн ишенимдүү сезип жатат деп ойлойм. Ал өзү ишенгенге ишенет. Менин ишенимимде, биз иштөөбүз керек. Сирияны чечүү, Түндүк Кореяны чечүү, Украинаны чечүү, терроризмди чечүү үчүн иш алып баруу абзел, - деди Трамп жекшемби күнү Ханойдогу маалымат жыйынында.

Ал эми Twitter баракчасында Трамп өзүнүн сынчыларын айыптап, “бул жек көргүчтөр менен аңкоолор Орусия менен жакшы мамиледе болуу жаман эмес, жакшы экенин качан түшүнөт? Дайыма эле саясий оюнду ойной берүү биздин өлкө үчүн зыяндуу. Мен Түндүк Кореяны, Сирияны, Украинаны, терроризмди чечким келет жана Орусия мында чоң жардам бере алат”, - деп жазды.

Мунун алдында анын "мен Путинге ишенем” деген сөздөрү АКШда Конгресс мүчөлөрүнүн жана атайын кызматтардын мурдагы башчыларынын кескин сынына кабылган эле.

Маселен демократ сенаторлордун бири Бен Кардин “президент Трамп АКШнын 17 чалгын агенттигине караганда КГБнын мурдагы агентине ишенет. Бул кыжыр келтирерлик”, - билдирген.

Ал эми республикачыл сенатор Жон МакКейн болсо Трамп “КГБ полковнигинин сөзүн Американын чалгын жамаатынан жогору койду”, - деп белгиледи.

АКШнын Улуттук чалгын агенттигинин мурдагы президент Барак Обаманын учурундагы башчысы Жеймс Клэппер болсо “Трамп өзүнүн атайын кызматтарына караганда Путиндин сөзүнө көбүрөөк ишенип жатканы уятсыздык”, - деп айткан.

АКШнын атайын кызматтары менен чалгын жамааты Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого атайлап кийлигишти, буга Путин өзү көрсөтмө берген деген бүтүмгө мурда эле келген болчу.

Ал эми Борбордук чалгын кызматы – ЦРУ 12-ноябрда да атайын билдирүү жасап, “чалгын мекемелердин Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү боюнча баасы өзгөргөн жок” деп кайрадан ырастады.

Ал шайлоого кийлигишти деген ырастоолорду такай четке кагып келе жаткан президент Путин Вьетнамдагы кыска жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Доналд Трамптын дарегине мактоо сөздөрүн жолдоп, буларга токтолду:

- АКШ президенти өзүн абдан туура, ак ниет алып барууда. Биздин ортобуздагы баарлашуу абдан нормалдуу. Тилекке каршы, убакыт аздыгынан биздин мамиленин бардык комплекси боюнча кеңири сүйлөшүүгө мүмкүн болбой жатат. Ал жакта сүйлөшө турган маселе көп. Коопсуздук чөйрөсү, экономикалык карым-катыш болобу, иш жүзүндө бүгүн нөлдө турат. Биз сөзсүз командаларыбыз, президенттер деңгээлинде отуруп, биздин мамилелерибиздин бардык комплекси боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн табышыбыз абзел.

Трамп менен Путиндин APEC саммитиндеги жолугушуусуна тушташ АКШ менен Орусия Сирия боюнча биргелешкен билдирүүнү макулдаша алышты.

Анда Сирия боюнча саясий чечим изделе тургандыгы, бул өлкөдөгү жаңжал аскердик жол менен чечилбестиги, ал эми “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш болсо улантылаары жөнүндө айтылат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG